Шайлоодогу үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматынан алынды

Шайлоодогу үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынды.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма соз кызматы билдирди. Маалым болгондой, окуядан улам аталган окуу жайдын педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу да иштен кетти.

 

Ал эми Билим берүү министри Болот Купешев менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды. Эске салсак, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча жарлыкка кол койгон.