Экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскарткан мыйзам долбоору жактырылды

Кыргызстанда экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскарткан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети карады.

Документте жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тарта экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган.

Андан тышкары ал жерде жашаган президенттен башка бардык кызматкерлер коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирилет.

Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.