Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин
Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна
катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы)
учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын
тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гүльнара-Клара Самат.