Катар-2022: Бүгүн чейрек финалдын жуптары аныкталат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн чейрек финалдын жуптары аныкталат.

Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да оюн талаасында Марокко менен Испаниянын курама командалары беттешет.

Түнкү саат 1де Португалия менен Швейцариянын оюну болот.

Буга чейин жарым финалга жолдомо үчүн ат салыша турган үч команда аныкталган.

Алар Хорватия менен Бразилия, Нидерландия жана Аргентина, ошондой эле Франция менен Англия.

Мундиаль Катарда өтүп жатат.

Өлкө турнирди биринчи жолу өткөрүүдө.