УКМК жарандардын маалымат базаларына эркин киргиси келет

Кыргызстандын атайын кызматтары мамлекеттик органдардын, аскер бөлүктөрүнүн жана ишканалардын, анын ичинде жеке жана мамлекеттик ишканалардын, компаниялардын, жеке жана башка ишкерлердин маалымат базаларына эркин киргиси келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ведомство бул чаралар “Улуттук коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында” көрүлүп жатканын айтууда.

Өкмөт бул документти жактырса, 2023-жылдын январынан тарта күчүнө кирет.