Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Улуттук энерго холдингдин төрагасы Талайбек Байгазиев ишендирди. Чиновник белгилегендей, буга карабай, калк электр энергиясынын ашыра жүктөлгөн саттарда жарыкты үнөмдүү колдонушу керек.

 

Болбосо, линияларга жүк келип, авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн.

 

Жабдуулар дагы эскилиги жеткенин эске алуу керек, — деди Байгазиев.