Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну каалаган
20 компанияга күбөлүк берилди. Бул ишканалар 639,5 мВт кубаттуулук берген станцияларды
курат, — деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Анын айтымында, иштер
Бала-Саруу ГЭСинен башталды. Андан тышкары, Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл,
Төрт-Күл ГЭСтерин куруу пландалууда. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 7 ири
гидроэлектростанция иштейт. Алар электр энергиянын 83 пайызын өндүрөт.