Электр энергиясына чектөөсүз тариф тиричилик эмес керектөөчүлөрүнө дагы киргизилиши мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыкты.
Документке ылайык, тарифтин баасы 1 киловатт-саатка 5 сом 4 тыйынды түзөт. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо тиричилик эмес керектөөчүлөр дагы электр энергиясы менен чектөөсүз колдоно алат. Анын ортосунда, энерго компаниялар кошумча кирешеге дагы ээ болот. Документ коомдук талкууга чыгарылды.