Кыргызстанда мугалимдер жетишсиздиги боюнча маселе дале курч

Кыргызстанда мугалимдер жетишсиздиги боюнча маселе дале курч. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.

 

Өзгөчө табигый предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз болуп атат, республика боюна. Министрлик тарабынан жыл сайын анализ-мониторинг жүргүзүлөт кайсы окуу жайында, кайсы мектепте мугалимдер жетишпейт деп. Кыргыз Республикасынын 12 жогорку окуу жайы менен иштешип атабыз, андан тышкары педагогикалык колледжер менен дагы. Ошолодун бүтүрүүчүлөрүн мектептерге жайгаштыруу маселеси биз тараптан көрсөтүлөт

 

Белгилеп кетсек, мугалимдердин жетишсиздиги өзгөчө алыскы аймактарда катталып келет.