Кыргызстандын бир катар аймактарында өрт өчүрүү кызматынын жаңы имараттары пайда болот.
Объектилер Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Сузак районунда курулат, — дешти
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Алгачкы капсула Бишкекте салынат. Долбоор
Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин жана Бирикке улуттар
уюмунун өнүгүү программасы менен биргеликте ишке ашат.