Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

 

Самокаттын катышуусу менен жол кырсыгы катталса, 1 миң сом айыл салынат.

 

Ал эми колдонуучу мас абалында болсо, айыптын өлчөмү 3 миң сомду тузөт.  Документке ылайык, электросамокаттар атайын бөлүнгөн тилке же сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кыймылд ын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрөт.