Россиядагы мигранттарга үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт

Россиядагы мигранттарга үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, буга чейин алты участок иштеп келсе, алардын санын 12ге жеткирүү пландалууда.

 

Консулдук каттоонун эрежеси өзгөртүлдү. Мурда көп документтер керектелсе, азыр паспорт жана анкета толтуруу менен шайлоочулардын тизмесине кире алат. Каттоо акысыз жүргүзүлөт.

 

Ошондой эле электрондук каттоо дагы киргизилген.  Учурда шайлоочулардын тизмесине кирген чет өлкөдөгү жарандардын саны 13 миңден ашык, — деди Шайлдабекова.