Бишкектин Ленин районунун аймагына видео көзөмөл орнотулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Кулиев, Пушкин, Павлов, Бейшеналиева, Бобулов,
Рыскулов, Токтогул, Киев көчөлөрүнө жана Чүй проспектине кошумча камераларды орнотуу каралууда.
Учурда район аймагында 3 айланма камера жана 7 жөнөкөй жабдуу көчөдөгү кыймылды көзөмөлдөп жатат.
Мындан тышкары, видео байкоо системасы Фучик атындагы эс алуу багынын айланасына 22 камера коюлду.
Бул өз кезегинде кылмыштардын алдын алууга жардам берет.