Күндөн сактануу эрежелери айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кыргызстандын тургундарына ысык аба ырайынын коркунучу тууралуу эскертип, анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Ага ылайык, теринин дем алышына тоскоол болбогон жана дененин ысып кетишине алып келбеген табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү сунушталат.

Суусаганда жылуу суу ичүү керек – бул алкымга көйгөй жаратпайт.

Күнгө чыкканда башты шляпа же кол чатыр менен коргоо зарыл.