Кыргызстанда Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда

Кыргызстанда Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өзбекстандагы сайттардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча сүйлөшүү активдүү уланып жатат.

Белгиленгендей, автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунун аймагына куруу маселеси чечилди.

Бирок ишкана качан ачылары азырынча тактала элек.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан салык жана жеңилдик берүү жагын бул уюм менен макулдашуусу зарыл, — деди Амангелдиев.