Ошто жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлдү

Ошто жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлдү. Анын негизги максаты — өкмөткө коронавирустун алдын алуу иштеринде жана бүгүнкү кырдаалдан улам жардамга муктаж шаар тургундарына көмөк көрсөтүү.

 

Бүгүнкү күндө жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банк эсеби ачылат. Элдик штабдын маалыматында шаарда 100дөн ашуун жардамга муктаж үй-бүлө бар.

 

Буга чейин айрым ишкерлер жана ыктыярчылар шаарда акысыз беткап таратып, дарыгерлер менен милиция кызматкерлерин ысык тамак-аш менен камсыз кылып келишкен.