Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда аларды издөөгө 100дөн ашык куткаруучу жана 59 оор техника тартылып, иштеп жатат.

 

Эске салсак, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрдын таңында катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан 2 кызматкер табылбай калган.