Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат документи жок иштеп келген

Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат документи жок иштеп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти фармацевтикалык мекемелердин лицензиясын бар-жогун текшерүү үчүн рейд өткөрүүдө.

 

Жыйынтыгында — Бишкекте 30, Ошто 37, Таласта 8, Нарында 5, Ысык-Көлдө 4 дарыкана аныкталды. Материалдар прокуратурага өткөрүлдү.