Кайра шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирди

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны жетиге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Маалыматка караганда, 5-апрелде Азат Абдылдаев БШКга талапкерлигин коюу жөнүндө арыз тапшырган.

Буга чейин талапкер болууга арыз тапшыргандар:

1. Булекбаев Эркин Касымович

2. Кунакунов Максат Касымжанович

3. Арзыкулов Марат Замирбекович

4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович

5. Камбаров Мирлан Адилбекович

6. Иманкулов Бекзат Муратович

Арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт, кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт.

Боршайком 27-мартта «Мекенчил» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу депутаттык мандаттан ажыраткан.

Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.