Бишкекте аймактык шайлоо комиссиялары алдыдагы шайлоого даярдык көрүүдө

Бишкекте аймактык шайлоо комиссиялары алдыдагы шайлоого даярдык көрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, бардык тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.

 

Алсак, район башчылары тилкелерди генераторлор менен камсыздашы керек, ал эми “Бишкек асфальт сервис” ишканасына пандустарды текшерип, иретке келтирүү, Санэпидем көзөмөл боборуна – объектилерди санитардык талаптардын аткарылышына текшерүү тапшырмалары берилди.

 

Мэриядан эске салышкандай, 28-ноябрда өтө турган шайлоодо биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана добуш бере алат.