Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салуу ниетинде

Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салуу ниетинде. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ведомстводон билдиришкендей, ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда ун менен буудайга болгон баа 2-3 сомго жогорулады.

 

Мунун айынан дүкөндөрдө нан жана макарон азыктарынын баасы дагы көтөрүлдү.

 

Буга Казакстанда буудай түшүмүнүн начар болушу себеп экени айтылууда. Ушул сыяктуу жагдайларды эске алуу менен Экономика министрлиги буудай менен унду убактылуу экспорттобой турууну сунуштап жатат.