Францияда Лувр музейи коронавирустун айынан көрүүчүлөрдү кабыл албайт


. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазышууда. Париждин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Лувр дүйнө жүзүндөгү эң көп адам кабыл алган музей болуп эсептелинет.

 

Ага жыл сайын миллиондогон адамдар келет. Андан тышкары, Францияда жабык имараттарда 5 миңден көп адамды топтоп өткөрүлгөн иш-чараларга тыюу салынды. Мындай чектөөлөр коронавирустун тарап кетишин азайтуу максатында киргизилди.