Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына каттоочу жолго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.