Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар кымбаттайт

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар кымбаттайт. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-июлдан тарта бул суусундуктарга акциз салыгы киргизилет.

 

Мындай тартип жергиликтүү жана импорттолгон продукцияга тиешелүү болот. акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, кеп алкоголсуз, курамында кофеин жана башка сергитүүчү заттар бар суусундуктар тууралуу болуп жатат.