Бишкек-Ош трассасында электрондук шлагбаумдар иштеп баштады

Бишкек-Ош трассасында электрондук шлагбаумдар иштеп баштады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар “Сосновка” жана “Кара-Көл” түйүндөрүндө иштеп жатат.

 

Системанын алкагында төлөмдү терминал кабыл алат. Ошондой эле карталарды кабыл алуучу бир катар POS-терминалдар бар. Андан тышкары, системанын ишин онлайн көзөмөлдөп, унаа агымы боюнча актуалдуу маалыматты алуу шарты түзүлдү.