Бишкекте жолдордун жалпы узундугу 1 миң 680 чакырымды түзөт,
анын 44 пайызы же 735 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу
капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
Улан Уезбаев билдирди. Анын айтымында, ордо калаада 9 көчөдө
оңдоо иштери жыйынтыкталды. Дагы 29унда иштер уланууда.
Иштерди жүргузүү үчүн ошондой эле 5 тилке эртеңден тартып жабылат.
Белгилеп кетсек, эки жыл аралыгында узундугу 50 чакырымдан ашкан
60 көчөнү оңдоо пландалууда. Тилкелердин 32си жаңы конуштарга туура келет.