Бишкекте карантиндик-санитардык посттордон өтүүгө уруксат берген кагаздар максатсыз пайдаланып жатканы аныкталды

Бишкекте карантиндик-санитардык посттордон өтүүгө уруксат берген кагаздар максатсыз пайдаланып жатканы аныкталды. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, шаар ичинде азык-түлүк ташыйм деп уруксат кагаз алгандар кийин такси кызматын көрсөтө башташкан. Өзгөчө абал жарыяланган аймакта жана коменданттык саат учурунда такси айдагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат, — дешти комендатурадан.