Өкмөт азык-түлүктүн баасын арзандатуу чарасын көрө баштады

Өкмөт азык-түлүктүн баасын арзандатуу чарасын көрө баштады.

Кумшекер жана өсүмдүк майынын наркын төмөндөтүү максатында ири суммада каражат бөлүндү.

Эми алар чет өлкөлөрдөн сатып алынат, — деди премьер-министр Улукбек Марипов.

Бирок сумманын так өлчөмү аталган жок. Ошондой эле аталган азыктарды өндүргөн

дыйкандарга жардам берүү маселеси каралууда. Өкмөт башчы белгилегендей,

азыктардын баасы төмөндөгөнү жакынкы аралыкта сезиле баштайт. Кошумчаласак,

Кыргызстанда учурда өсүмдүк майынын баасы 160 сомго жетсе, кумшекердин килограммы 60 сомго бааланууда.