Канадада хоккей боюнча мелдеш эң узак мөөнөттө өтүп, дүйнөлүк рекорд жаратты.
Оюн 10 күндөн ашык убакка созулду. Мелдеш ачык муз аянтында -55 градуска чейинки суукта өттү.
Жеңиш үчүн 2 команда күч сынашты. 40 спортчу бири-бирин алмаштырып отуруп 252 саат хоккей ойношту.
Жыйынтыгында Team Hope курамасы 2 миң 649 упай менен Team Cure командасын жеңип алды.
Жеңилген команда 121 упайга аз топтоду. 10 күн аралыгында беттештен 1 миллион 840 миң доллар чогулду.
Сумма дартты аныктоо боюнча илимий университетке берилет.
Буга чейинки рекорд 2 жыл мурда мындан 1 саатка аз убакыт менен бекитилген