Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды.
Финалдык беттеште Шаршенбеков Россиялык балбан менен күч сынашып, 4:4 эсебинде жеңишке жетти.
60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын,
тагыраагы, болгариялык, молдовалык жана түркиялык балбандарды 8:0 жана 5:1 эсебинде утту.
Эске салсак, Дүйнө кубогу 12-декабрда башталды. Кыргызстандын атынан тогуз балбан килемге чыкты.