Быйыл Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон өтөт.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, ага Шанхай кызматташтык уюмуна
мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары катышат. Жарыш 15-майда Чолпон-Атадагы ат майданда старт алат.
Мелдеште спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана
Азия оюндарына лицензия алышат. Белгилеп кетсек, иш-чара былтыр 2-майда өтмөк.
Бирок пандемиядан улам быйылкыга жылдырылган.