Кара-Балтада кароосуз калган дача аймагынан акча табылды.
Евгений Иванцов 5 жылдан бери кенч издөө менен алектенет.
Ал шаар сыртындагы бош жерди изилдеп жатып, тайыз жерден түйүнчөк таап алды.
Баштыктагы түйүнчөктө жез тыйындар болгон. Монеталардын эскилери 1948-жылдарга,
жаңылары 1989-жылдарга таандык. Жалпы суммасы 3 рубль 35 тыйынды түзөт.