Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасын 1 миллиондон ашык адам алды

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасын 1 миллиондон ашык адам алды. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, ал эми экинчи доза 700 миңден ашык адамга сайылды. Эске салсак, өлкөдө коронавирустан массалык эмдөө кампаниясы 29-мартта старт алган.

 

Андан бери өлкөгө Синофарм, Спутник V, Астра зенекка, Файзер жана Казвак вакциналары жеткирилди.