Бишкекте Ден-соолук эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталып калды

Бишкекте Ден-соолук эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, 10 гектарга жайылган паркта 300 унаага токтотуучу жай уюштурулуп, 115 отургуч орнотулду.

 

Ошондой эле, анда футбол, баскетбол талаалары жана велодром бар. Эске салсак, Ден-соолук эс алуу багы мурдагы Сүйүү паркынын ордунда курулуп жатат.