Экономиканы колдоонун туруктуу булагы мигранттардын акча которуулары бойдон калууда

Кыргызстанда экономиканы колдоонун бирден-бир туруктуу булагы азырынча калкка олуттуу социалдык колдоо көрсөткөн мигранттардын акча которуулары бойдон калууда.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, ушул жылдын январынан август айына чейин мигранттар Кыргызстанга рекорддук 1 миллиард 919 миллион доллар которгон.

Коммерциялык банктардын расмий божомолдоруна ылайык, жыл аягында мигранттардын акча которуулары 2,5 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө.

Финансылык мекемелерден тышкары которуулар накталай түрдө да жүргүзүлөт.

Бул сегмент да олуттуу үлүштү, болжол менен 10-15 пайызды ээлейт, дешет адистер.