Өзгөчө абал режими узартылгандан кийин айрым мекемелердин
иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президент аппаратынын маалыматына ылайык,
уруксат бериле турган объектилердин тизмеси түзүлөт. Мындан улам кыймылга
тоскоолдук жаратпоо максатында, санитардык-карантиндик посттордун саны
кыскартылат. Муну менен катар айрым эрежелер өзгөртүлбөйт. Массалык
иш-чаралар өткөрүлбөйт, жогорку окуу жай, мектептер аралыктан окутууну улантат.