“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу убактылуу токтотулду

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу убактылуу токтотулду.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун айтымында, подрядчы өз милдеттерин убагында аткарган эмес.

Азыр иш сотто каралууда.

Бийлик подрядчы менен келишимди бузуу механизмдерин да карап жатат.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 2019-жылдын февраль айында башталган.

Биринчи этапта Бишкек шаарына жана Чүй облусуна 110 камера орнотулган.