Өкмөт Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салды

Өкмөт Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай чара өлкө аймагына коронавирусту киргизүүнү алдын алуу үчүн багытталат.

 

Тыюуга маданий, спорттук жана элди чогулта турган башка иш-чаралар кирет. Чектөөлөр дүйнөдө эпидемиологиялык абал турукташмайынча күчүндө болот.