Ордо калаанын соода борборлору жана базарларында санитардык талаптар күчөтүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, администрация күн сайын нымдуу тазалоо жүргүзүп, медицина түйүндөрүн уюштурууга милдеттендирилди.
Андан тышкары, объектилердин жетекчилиги кызматкерлердин ден-соолугу боюнча күн сайын сурамжылоо жүргүзүшү керек. Ал эми сатып алуучуларга беткап режимин бузбоо сунушталат.