Улуттук банктын резерви азаюуда.
Октябрдын аягында өлкөнүн башкы каржы мекемесинин алтын валюталык көлөмү
3 миллиард 150 миллион долларды түздү. Бул сентябрдагы көрсөткүчтөн 91 миллион
200 миң долларга аз. Улуттук банк октябрда 3 ирет интервенция жүргүзүп, 87 миллион
800 миң доллар саткан. Белгилеп кетсек, алтын-валюталык резерв Улуттук банкка
сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Ал валютанын ондон
ашык түрүнөн, алтындан, Эл аралык валюта фондунун жасалма
резервдик жана төлөм каражатынан турат.