Кыргызстанда эми ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки батирди алууга болот

Кыргызстанда эми ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки батирди алууга болот. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык,  “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында сатып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.

 

Ага ылайык, буга чейин турак жайдын бир чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сом болсо, эми 70 миң сомго чейин көтөрүлдү.

 

Бирок баа боюнча жаңы чектөөлөр акыркы 10 жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга жайылтылбайт.