Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 350 миллион сом тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аукциондор 20-21-январда өтөт. Кошумчалай кетсек, 13-январда Улуттук банк дээрлик 52 миллион сомго 8,45 пайыз менен казына векселдерин жайгаштырган.