Шайлоо жана референдумга мамлекеттик бюджеттен дээрлик 600 миллион сом бөлүндү

Алдыда өтө турчу президенттик шайлоо жана референдумга мамлекеттик бюджеттен дээрлик 600 миллион сом бөлүндү.

Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев билдириет. Анын айтымында, сумманын бир бөлүгү быйылкы

жылдын эсебинен каржыланса, калган бөлүгү кийинки жылдын бюджетинен. Шайлоого чейинки иш-чараларды

өткөрүүгө акчалар БШКга, Миграция кызматына, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтерине бөлүнөт.

Эске салсак, мөөнөтүнө чейинки президенттик шайлоо жана башкарууну аныктоо боюнча референдум 10-январда өтөт.