Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар октябрь айында
республикага 220 миллион доллар которушту. Улуттук банктан билдиришкендей,
бул сумма өткөн айга салыштырмалуу 10 жарым миллионго көп.
Жалпысынан ушул жылы январдан октябрга чейин 2 миллиард 800 миң
доллар каражат которулду. Ал эми 2018-жылкы сумма мындан бир кыйла көп болчу.
Салтка айлангандай Кыргызстанга каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан жөнөтүлөт.