Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүп берет

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүп берет.

Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.

Андан белгилешкендей, сумма бюджеттин каржылык жетишсиздигин жоюуга багытталат.

Анын катарында бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге айлык берүүгө,

пенсияларга, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө пособиеге, ошондой эле саламаттыкты

сактоо системасын каржылоого багытталат. Тиешелүү документке жакынкы аралыкта кол коюулат.