Кыргызстанда 5 миңге жакын ишкер 3 миллиард 200 миллион сом жеңилдетилген насыя алды.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирет. Анын айтымында,
мындай насыяларды берүүгө жалпысынан 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 2 миллиард сому
коммерциялык банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе,
ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 миллион сом Каржы министрлиги аркылуу берилүүдө.