Кыргызстан учурда өлкөгө келе турган чет элдик инвесторго үч нерсе сунуштап жатат

Кыргызстан учурда өлкөгө келе турган чет элдик инвесторго үч нерсе сунуштап жатат.

Алар боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Биринчиси импортозамещение.

Экинчиси бул обратный ГЧП механизми.

Ири компанияларга болсо эмне сунуштап жатабыз?

Санкциялардын айынан Россияга көп товарлар кире албай жатат.

Бирок Кыргызстан Батыштын санкция саясатын бузбай туруп, бул жакта өндүрүш аянтчаларды куруп, Россияга сатсаңар болот деп сунуштап жатабыз.

Мисалы, текстиль, тамак-аш, техниканы локализация кылса болот.

Күнүмдүк жашоодо бир жаран эмне колдонсо аларга ошонун баары керек.

Кыргызстандан жасалды деп ачык-айкын эле сатса болот.

Бул эрежени бузууга жатпайт”.

Соңку маалыматтарга ылайык, быйыл Кыргызстанга келе турган чет элдик түз инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө.