Казак парламентинин төрайымынын Кыргызстанга келиши кийинкиге калтырылды

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка пландалган Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мындай чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен төрайым Дарига Назарбаева телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.

Парламент жетекчилери коронавирус пандемиясы жарыяланганы жөнүндө пикир алмашып, илдеттен сактануу боюнча иш-чараларды талкуулашты.

COVID-19 вирусу Батыш өлкөлөрүнө жайылып жатканы менен Кытайда жана Түштүк Кореяда аны жугузуп алгандар азайып баратат. Кытайда 13-мартта 8 кишиден гана вирус табылды. Бир күн мурда 15 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталган. Түштүк Кореяда илдетке чалдыккандарга караганда андан айыгып чыккандар көбөйдү. 13-мартта 110 киши коронавируска кабылса, 177си ооруканадан чыгарылды.