Коронавирус пандемия деп жарыяланды

Коронавирус пандемия деп жарыяланды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди.

 

Учурда бул оору дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус 4 мин кишинин өмүрүн алды. Дүйнөдө ири иш-чаралардын бардыгы өткөрүлбөй, карантин жарыяланып жатат.