Казакстанда доллардын курсу жогорулады

Казакстанда доллардын курсу жогорулады.

Кырдаал дүйнөдө мунай затынын баасы төмөндөп жаткандыгына байланыштуу.

Учурда коңшу өлкөнүн акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 397 теңгеге жетти.

Жума күнү ал 382 теңгени түзгөн. Ошондой эле орус валютасы дагы кунун жоготуп,

бир доллар 72 рубль 72 тыйынга туура келди. Бул 4 жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Доллардын кымбатташы коронавируска байланыштуу дүйнөдө мунай затына

муктаждык азайганында. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда доллар 69 сом 85 тыйын.